Садыр Жапаров Беларуска сапар алды. Кимдер коштоп кетти?

Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулай турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Беларуска жөнөп кеткенин маалымат кызматы кабарлады.
Мурдараак сессия Беларусь лидери Александр Лукашенконун төрагалыгы алдында өтөрү айтылган.
Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыдагы милдеттерди аныкташат, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;
Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев;
коргоо министри Бактыбек Бекболотов.
Жапаров япон өкмөт башчысын өлкөгө чакырды. Жолугушууда эмне кеп болду