Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Батыштын Украина менен Газадагы кырдаалга жасаган реакциясын салыштырды

Ал Украинада тынчтык сүйлөшүүлөргө президенттин жарлыгы менен тыюу салынганын айтып, Россия алардан баш тартпаганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Владимир Путин G20 онлайн-саммитинде Батыштын Украина менен Газадагы кырдаалга жасаган реакциясын салыштырганын РИА Новости жазды.
РФ президентинин айтымында, кээ бир кесиптештери Россиянын Украинада уланып жаткан агрессиясына чочулап жатышканын билдиришкен.

"Бул согуш экенин түшүнүп жатам. Адам өлүмү сестентпей коюшу мүмкүн эмес. Бирок аягы Донбасста өз элине каршы согушка алып келген Украинадагы 2014-жылкы кандуу төңкөрүшчү, ал чочуткан жокпу? Газада калктын жок кылынышы үрөй учурбайбы? БУУнун башкы катчысынын Газа балдардын чоң мүрзөсүнө айланды дегени сестентпейби?” — деп суроо салган Путин.

Ал Украинада тынчтык сүйлөшүүлөргө президенттин жарлыгы менен тыюу салынганын эскертип, ал эми Россия алардан баш тартпаганын белгилеген.
РФ президентинин G20 онлайн-саммиттинде айткандары:
Дүйнөлүк экономика башынан кечирип жаткан кыйынчылык – кээ бир өлкөлөрдүн ойлонбой жасаган саясатынын түздөн-түз кесепети;
Россия дүйнөлүк экономиканы санариптик трансформациялоого, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого салым кошууну улантат;
Эл аралык финансы институттарынын ресурстарын саясий максаттар үчүн эмес, чыныгы муктаж өлкөлөрдү жана аймактарды өнүктүрүүгө пайдаланыш керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадан оолактоого аракет кылат. НАТОнун келечеги тууралуу