Ладога көлүнүн, табияттын адамзатка берген жардамы сөз менен айтып жеткис болуп тарыхта кала берди.
1941-жылы 22-ноябрда Ладога тоңуп, муз аркылуу тамак-аш жүктөлгөн биринчи машиналар сапарга чыккан. Эмнеге көл менен катташты? Жээгинде пристандар, пирстер жок эле: шамалдуу аба ырайынан жаралган бийик толкундар көл менен каттоону бир топ кооптуу кылган.
1941-жылдын сентябрь, октябрында портту түптөп, суунун түп жагын тереңдетип, ичке темир жолдорун салуу иштери жүрө баштаган. Кыштын башталышы менен коммуникация иштебей, бир гана Ладогага тоңгон муз менен каттоо аргасы калган.
"Өмүр жолу" менен кантип жүрүшкөн. Бул азаптуу түйшүктүн символу ГАЗ-АА, легендарлуу "полуторкалар", 1,5 тонналык жеңил жүк ташуучу машиналар, үч тонналык ЗИС-5 болгон. Аны менен 4 миң машина жүрүүгө болот эле. Эгерде муз жарылып кетип автоунаа чөгө баштаса, секирип кетүүгө жетишип калыш үчүн айдоочулар кычыраган кышта эшигин жаппай айдашкан.
1942-жылдын январынан тарта абалды жөнгө салышкан: куруучулар белгилерди орнотуп, базаларды, кампаларды, медпунктуларды салышкан. Тамак ичип жана техникалык жардам көрсөтө кала турган жайларды уюштурушкан.
Трассаны жээкте жайгашкан аткычтар бөлүктөрү, алардан сырткары, жөө аскерлер, Ленинград фронтунун авиациялык бөлүгү, абадан кол салуудан коргоочулар жана флот кайтарып турган.
Ошол азаптуу, жанды жеген "өмүр жолунда" ажал издеп учкан октон же муздун жукараак жери жарылып кетип канчалаган өмүрлөр кыйылганын азыр да эч ким так айта албайт. Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин дагы ондогон жылдар бою Ладоганын түбүнөн "полуторка" ГАЗдарды алып чыгып турушкан...
Бул күндөрү Ладога көлүнүн жээгинде бул эрдиктин элесин кийинки муундарга кашкайта эскертип "полуторка" машинасынын колодон жасалган көчүрмөсү турат.