Кыргызстан өткөрүү бекеттерин модернизациялоо иштерин аяктап калды

Модернизация соода, транзит потенциалын жакшыртып, чек арадан товар өткөрүүгө жакшы шарт түзүү максатында жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБге кирүүнүн алкагында өткөрүү пунктуларын модернизациялоо боюнча бардык талаптарды аткарып бүтүп калды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Данияр Иманалиев билдирди.
ЕЭКтин маалымат кызматы билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы "Кайрагач", "Карамык" жана "Бөр-Дөбө" өткөрүү бекеттеринин материалдык-техникалык жактан жабдылышына мониторинг жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча Данияр Иманалиев менен Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Салиев отчётко кол коюшкан. Анда өткөрүү пунктун иретке келтирүү жана материалдык-техникалык жактан жабдуу боюнча иш-чаралар толугу менен аткарылганы айтылган.
"Кыргызстан ЕАЭБге кирүүнүн алкагында өткөрүү пунктуларын модернизациялоо боюнча бардык талаптарды аткарып бүтүп калды. Биз бажы инфраструктурасында бир катар объектилер курулганына, өткөрүү бекеттери заманбап техникалык каражаттар менен жабдылганына, бажы кызматкерлери милдеттерин аткарууга даяр экендигине ынандык", — деген Иманалиев.
Ал модернизация соода, транзит потенциалын жакшыртып, чек арадан товар өткөрүүгө жакшы шарт түзүүгө жардам берерин белгилеген.
ЕАЭБ менен АСЕАН соодадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштеп жатышат