Кыргызстан 20 мамкызматкерди Японияга акысыз окууга жөнөтөт

Долбоордун баасы 324 миллион йенди (болжол менен 193 миллион сом) түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Японияга акысыз окууга жөнөтүлөт.
Жогорку Кеңештин депутаттары тиешелүү гранттык макулдашууну үч окуудан ратификациялоого макулдук берди.
Жыйында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев баяндама жасады.
Анын айтымында, долбоор 2024-2027-жылдарга каралган, баасы 324 миллион йен (болжол менен 193 миллион сом). Жалпы 20 орун бөлүнүп, анын 19у магистратура, бирөө докторлук багытка берилет. Аларга Япониянын алдыңкы университеттеринде билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Уфадагы ЖОЖго тапшыруу үчүн Кыргызстандын окуучуларына грант берилиши мүмкүн