Кыргызстандын ЕАЭБдеги тышкы соода жүгүртүүсү 814 млн. долларды түздү

Биримдиктеги тышкы соода жүгүртүүнүн басымдуу бөлүгү Өзбекстанга туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 2023-жылдын 10 айында 814 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чөлкөмдөгү тышкы соода жүгүртүүнүн басымдуу бөлүгү Өзбекстанга туура келип, 12,8 миллиард доллар болгон (2022-жылдын ушул мезгилинде 12,6 миллиард доллар болчу). Андан кийин Россия турат, бул мамлекеттин быйылкы жылдын октябрына карата тышкы соода жүгүртүүсү 7,9 миллиард долларды түзгөн.
Калган өлкөлөрдө көрсөткүч төмөнкүдөй:
Казакстанда — 3,6 миллиард доллар;
Беларуста — 508 миллион доллар;
Арменияда — 33 миллион доллар.
Эске салсак, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда товар жана кызмат көрсөтүүнүн, мигранттардын жана капиталдын кыймылынын эркиндигин камсыз кылган бирдиктүү бажы системасы бар.
Оверчук: ЕАЭБдеги товар жүгүртүү көлөмү 100 млрд. долларга жетиши мүмкүн