Радио

Бишкекте тигүү жана текстиль өнөр жайы боюнча алгачкы улуттук форум өтөт

Мода жана текстиль ассоциациясынын төрагасы Зафарбек Сулайманов кыргыз жеӊил өнөр жайы рынокту кеӊейтиши керектигин айтты.
Sputnik
28-ноябрда Бишкекте тигүү жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүүгө арналган биринчи улуттук TEXPO форуму өтөт. Форумдун максаты жеңил өнөр жай тармагындагы бизнес менен өкмөттүн өз ара аракеттенүүсүн, Кыргызстанда текстиль жана тигүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн жолдорун аныктоо, ошондой эле текстиль продукциясын дүйнөлүк рынокко экспорттоонун келечегин талкуулап, чечимдерди табуу болуп саналат. Бул тууралуу Зафарбек Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, иш-чара Мода жана текстиль ассоциациясы (KFTA) менен биргеликте министрлер кабинетинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.
"Мода жана текстиль ассоциациясы Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын жана мода индустриясынын бардык өкүлдөрүн бириктирген коммерциялык эмес коомдук уюм. Ассоциациянын 200дөн ашык туруктуу мүчөлөрү бар. Биримдик Бишкекте биринчи жолу улуттук жеңил өнөр жай форумун уюштурууда. TEXPO форум программасы эки негизги блокту камтыйт. Жеңил өнөр жай тармагында бизнес менен мамлекеттин өз ара аракеттенүүсү блогунда адистер текстиль жана тигүү тармагын колдоо жана өнүктүрүү боюнча бизнес менен мамлекеттин өз ара аракеттенүү механизмдерин талкуулашат. Экинчи блок "Мода жана текстиль: дүйнөлүк рынокко экспорт" деп аталат. Форумдун бул блогунда Кыргызстандын текстиль продукциясын дүйнөлүк рынокко экспорттоо стратегияларына басым жасалат. Анда Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Кытай сыяктуу түрдүү өлкөлөрдөн келген адистер жана эксперттер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, бул жааттагы эл аралык кызматташтыктын потенциалына баа беришет. Тагыраак айтканда, иш-чарада Ozon, Alibaba, WildBerries компанияларынын серепчилери жана Кыргызстан, Казакстан, Россиянын башка адистери сөз сүйлөшөт. Кыргыз жеӊил өнөр жайы рынокту кеӊейтиши керек. Ошондуктан форумда Made in Kyrgyzstan брендин дүйнөлүк аренада кантип өнүктүрүү керектиги боюнча да кеп болот", — деди Сулайманов.
Ал бизнес өкүлдөрүн, мамлекеттик органдарды, адистерди жана бардык кызыкдар тараптарды бул маанилүү иш-чарага катышууга чакырды.