БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Европа өлкөлөрүнүн абактарында эркинен ажыратылган 13 кыргызстандык отурат. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Жогорку Кеңеште билдирди.
Бүгүн парламентте Европада соттолгон кыргызстандыктарды мекенине которуу мүмкүнчүлүк жараткан, тагыраагы, соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Европа мамлекеттери менен кандайдыр бир келишимдик, укуктук-база жоктугун, бул соттолгондорду өз өлкөсүндө жаза мөөнөтүн өтөө үчүн которуп келүүдө кыйынчылыктарды жаратып жатканын айтты.
"Конвенцияга кошулган тараптар соттолгон адамдарды өткөрүп берүүдө максималдуу кызматташууга милдет алат. Башка өлкөгө соттолгон адамдын өзүнүн жана кызыкдар болгон мамлекеттердин макулдугу менен берилет. Кайсы өлкөнүн жараны болсо ошол жакка гана которулат. Кабыл алган өлкө жазаны жеңилдетүүгө, ырайым кылууга укуктуу. Бирок өкүмдү кайра карай албайт", — деди Коңкубаева.
Ал учурда Европанын абактарында 13 кыргызстандык отургандыгын, ал эми бул жакта жазасын өтөп жаткан европалыктар жоктугун кошумчалады.