ЕАЭБ менен АСЕАН соодадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштеп жатышат

Эки уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда соода-экономикалык кызматташуунун кулачы жайылып барат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) менен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын өз ара кызматташуусунун негизги максаты — соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана бизнес-коомчулук үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Бул тууралуу евразиялык экономикалык комиссиянын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев билдирди.
Комиссиянын маалымат кызматы ЕАЭБ менен АСЕАН ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талданган тегерек стол өткөнүн кабарлады.
Глазьев эки уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы сооданын көлөмү өскөнүн белгилеген. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы менен товар жүгүртүүнүн көлөмү 11 пайыздан ашат.
Министр АСЕАН өлкөлөрүнө ЕАЭБге киргизилген төлөм системасынын мүмкүнчүлүктөрүн жана камсыздандыруучу инструменттерди пайдаланууга чакырды. Сооданын өсүшүнө улуттук валютанын, блокчейндин жана эл аралык соодадагы санарип инструменттердин колдонулушу да өбөлгө болору белгиленген. Бул транзакцияларды жеңилдетип, жүк ташуудагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттырат.
Россиянын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач ЕАЭБ менен АСЕАНдын соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүгө евразиялык интеграциялык биримдиктеги экономикалык өсүш индикатор болуп берерин белгиледи.
Ал эми АСЕАН Катчылыгынын өкүлү Латифахайда Абдул Латиф өз кезегинде эки уюмдун ишкерлер коомчулугу менен кызматташуу маселелерине жасаган мамилеси окшош экенине токтолгон.
Кыргызстандын ЕАЭБдеги тышкы соода жүгүртүүсү 814 млн. долларды түздү