Радио

Чокиев: композиторлор арасында кароо-сынак жарыяланды

Композиторлор союзунун төрагасы, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Турдубек Чокиев маңыздуу обондордун азайып кеткенин айтты.
Sputnik
Композиторлор жана обончулар арасында жарыяланган сынакка кабыл алуу 10-декабрда токтойт. Бул тууралуу Турдубек Чокиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кароо-сынактын жыйынтыгы декабрдын соңунда жарыяланмакчы.
"Жылдын башында президент тарабынан искусствого колдоо көрсөтүлүп, каражат бөлүнгөндүгү коомчулукка маалым. Ошол бюджеттин эсебинен маданият өкүлдөрү арасында ар кандай кароо-сынактар уюштурулуп жатат. Искусство деген жаңырып турушу зарыл. Сүрөт болобу, кино болобу, обон болобу, жаңыланып турууга муктаж. Ал эми мындай конкурстар стимул болуп, чыгармачыл инсандарга шык берет. Кароо-сынак атуулдук, лирикалык жана балдар үчүн обондор деп үч багытта өтөт. Катышуучулардын жашына, улутуна жана музыкалык чыгармалардын жанрына чек коюлбайт. Бир катышуучу бир же эки эмгегин бизге жиберсе болот. 10-декабрга чейин кабыл алуу уланат", — деди Чокиев.
Ал эгемендүүлүктөн кийин обондор майдаланып кеткенин кошумчалады.