БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Борбор калаада келин жана анын кичинекей кызы бир айдан бери дайынсыз болуп жатканын Биринчи май райондук милициясынан кабарлашты.
18-октябрда О. А. аттуу тургун 41 жаштагы бир тууганы Нургүл Орозбаева төрт жашар кызы Айбийке Нурлан кызы менен жок болуп жаткандыгын айтып, тартип сакчыларына кайрылган.
"Аял Ташкент көчөсүнөн 18-октябрь күнү чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Факт маалымат китебине катталып, издөө иштери башталган", — деп айтышты милициядан.
Нургүл Орозбаеванын белгилери: арыкчырай, бою болжол менен 155-160 сантиметр, чачы кара, узун. Кара көк кардиган, кара кроссовка кийип жүргөн.
Айбийке Нурлан кызы ачык түстөгү күрмө, кызыл жилет, ак бут кийимчен болгон.
Милиция изделип жаткандар боюнча кандайдыр бир маалымат болсо 0312566043, 0704102702, 0507692261, 0709626356 телефон номерлерине чалууну өтүндү.