Арча-Бешикте наристесин таштаган келин баланын атасы абакта экенин айтты

Ымыркайга бронхопневмония диагнозу коюлган. Ал жандандыруу бөлүмүндө экени, антибиотик алып жатканы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкекте Арча-Бешик конушунда табылган наристенин ишин жеке көзөмөлүнө алганын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бул окуядан кийин акыйкатчы кызматкерлерине баланын укугун коргоону камсыздоо тапшырмасын берген. Алар алгач ымыркай жаткан төрөт үйүнө барып, баланын абалы менен таанышкан.
"Башкы дарыгер ымыркай төрөт үйүнө 19-ноябрда катуу үшүп калган абалда жеткирилгенин айтып, бронхопневмония диагнозу коюлганын билдирген. Ымыркай дагы эле жандандыруу бөлүмүндө экени, антибиотик алып жатканы белгилүү болду", — деп жазылат маалыматта.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 21-ноябрда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган баланын энесине жолугуп, сүйлөшкөн. Ал кандай жагдайда төрөгөнүн айтып берген.
"20 жаштагы кыз үйдө төрөгөнүн айтып, ата-энеси анын кош бойлуу экенин билбегенин кабарлады. Баланын атасы учурда абакта жатканын кошумчалады", — деп жазылат кабарда.
Белгилей кетсек, ымыркайдын энеси Ленин райондук сотунун чечими менен бүгүн, 22-ноябрда, үй камагына чыгарылды.
Үрөй учурган окуя 19-ноябрда болгон. Бул күнү саат 22:45тер чамасында Арча-Бешик конушунда дарбазанын түбүнөн полиэтилен пакетке оролуп, коробкага салынган наристе табылган. Милиция аны дароо төрөт үйүнө алып барып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Жалал-Абадда таштанды жайдан табылган бөбөктүн абалы айтылды