БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Арча-Бешик конушунда ымыркайын көчөгө таштап кетти деген кыздын баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай чечимди Ленин райондук соту кабыл алган.
Үрөй учурган окуя 19-ноябрда болгон. Бул күнү саат 22:45тер чамасында Арча-Бешик конушунда дарбазанын түбүнөн полиэтилен пакетке оролуп, коробкага салынган наристе табылган. Милиция аны дароо төрөт үйүнө алып барып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37, 125-беренелери ("Жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүүгө аракет кылуу") боюнча кылмыш иштери козголуп, 20 жаштагы кыз кармалган. Кийин ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.