Чүйдө 1,5 жылда 755 ирет жол эрежесин бузган айдоочу кармалды

ЖКККББ жол эрежесин көп бузган автоунаанын сүрөтүн жарыялады. Андан машинага Россия номери тагылганын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Чүйдө бир жарым жыл ичинде 755 ирет жол эрежесин бузган айдоочу кармалганын Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, айдоочу Chevrolet Lacetti үлгүсүндөгү автоунаасы менен 2022-жылдын 30-майынан 2023-жылдын 20-ноябрына чейин 755 жолу жол эрежесин бузуп, "Коопсуз шаардын" камерасына түшкөн.
"Ал айып пулдарын өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн Бишкек — Кордай жолунан кармалып, машинасы Аламүдүн районундагы айып короого токтотулган", — деп жазылат маалыматта.
Айып пулдардын жалпы суммасы көрсөтүлгөн эмес. ЖКККББ жол эрежесин көп бузган автоунаанын сүрөтүн жарыялады. Андан машинага Россия номери тагылып турганын көрүүгө болот.
ЖКККББ айдоочулардан жол эрежесин бузгандыгы үчүн чыккан айып пулдарды убагында төлөөнү эскертти.
Мэрия Бишкекте эреже бузган автобустарды каттап жатканын айтты