Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагон жетекчиси: АКШнын Украинага бере турган "алтын таякчасы" жок

Россия Украинада атайын аскердик операциясын баштагандан бери АКШ башында турган Батыш мамлекеттери Украинага курал-жарак жеткирип келет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Россия менен согушуп жаткан Украина үчүн АКШнын "алтын таякчасы" жок. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Пентагондун башчысы Ллойд Остин Киевде Владимир Зеленский менен жолуккандан кийинки маалымат жыйында айтканын РИА Новости кабарлады.
"Азыркыдай тирешүүдө "алтын таякча" болуп бере турган курал жок", — деди ал.
Остиндин айтымында, Украинанын согуш талаасындагы ийгилиги Куралдуу күчтөрүнүн Батыштан келип жаткан курал-жарак менен ок-дарыны туура колдонуусунан көз каранды.
"Бул — өтө катаал тиреш, бул басаңдабайт, эртең да ушундай эле болот", — деген Пентагондун жетекчиси.
Россия Украинада атайын аскердик операциясын баштагандан бери АКШ башында турган Батыш мамлекеттери Украинага курал-жарак жеткирип келет. Москва бул боюнча НАТО өлкөлөрүнө нота жөнөткөн. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинага делип курал-жарак жүктөлгөн жүктүн баары Россиянын мыйзамдуу бутасына айланарын бир нече ирет эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Өзүн-өзү жеп жатат". Украина аскер кызматына 50дөн өткөн аялдарды кабыл алууда