Уфадагы ЖОЖго тапшыруу үчүн Кыргызстандын окуучуларына грант берилиши мүмкүн

Окуучуларга грант берүү маселеси талкууланып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы мектеп окуучуларына Россиянын Уфа илим жана технология университетине тапшыруу үчүн грант берилиши мүмкүн.
Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто, кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев ректор Вадим Захаров жетектеген россиялык университеттин делегациясы менен жолугушкан.
Алар университет менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташуу, кыргызстандык окуучулардын Уфа илим жана технология университетине тапшыруусу үчүн грант бөлүү маселелерин талкуулашты.
Бүгүн, 21-ноябрда, университеттин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн ачылышы болот.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Матвиенко: 2024-жылы Россияда 400 миңден ашык чет элдик студент билим алмакчы