Бийлик Көлбаевдин автоунааларын сатыкка тергөөсүз койгонун түшүндүрдү

Аукционго катышууну каалагандар 20-ноябрдан 11-декабрга чейин арыз калтырса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жок кылынган Камчы Көлбаевдин автоунаалары соттун чечими чыкпай туруп же тергөөсүз аукционго кантип коюлуп калганын түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, буга чейин фонддун сайтында кримтөбөлдүн автоунаалары аукционго коюлгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Социалдык тармактагыларды соттун чечими чыкпай туруп машиналар кантип мамлекетке өтүп калганы кызыктырып, Sputnik Кыргызстан агенттиги мунун себебин сурады.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Көлбаевдин мүлкү, автоунаалары мамлекетке ыктыярдуу түрдө өткөрүү боюнча келишимдин негизинде аукционго коюлганын билдирип, документке кримтөбөлдүн үй-бүлө мүчөлөрү кол койгонун кошумчалады.
Эске салсак, электрондук аукцион 11-декабрда саат 12:00дө башталат. Ага катышууну каалагандар 20-ноябрдан 11-декабрга чейин арыз калтырса болот.
Жүздөгөн батири ипотека менен элге берилет. Ташиев Көлбаевдин мүлкү жөнүндө