БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. УКМКнын Талас облусундагы кызматкерлери жана Чек ара кызматындагы аскерлер үйлүү болушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, жаңы батирлердин ачкычтарын кызматкерлерге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырган.
"Беш кабаттан турган үйдө 35 батир бар. Анын 19у УКМК кызматкерлерине, ал эми 16сы Чек ара кызматынын аскерлерине берилди. Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жаңы конуштуу болушу менен куттуктап, бул камкордуктун баары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп жатканын белгилеген", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызматтын башчысы күч түзүмдөрүндө иштегендердин айлык акысы көтөрүлүп, материалдык-техникалык базасы чыңдалганын кошумчалаган.
Көп кабаттуу турак жайдын курулушу 2022-жылдын октябрь айында башталганы айтылды.