Садыр Жапаров Беларуска барат. Себеби

ЖККУга 2024-жылы Казакстан төрагалык кылмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Минск шаарындагы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Сессия Беларустун президенти Александр Лукашенконун төрагалыгында өтмөкчү. Уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасайт.
Азымбакиевдин айтымында, Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулап, алдыда турган милдеттерди аныкташат. Ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтер кабыл алынмакчы.
"ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Беларустун уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, Казакстандын 2024-жылы боло турган төрагалыгынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча маалыматты угушат", — деп белгиледи Азымбакиев.
Пресс-борбор
ЖККУ штабынын жетекчиси: Афганстан ЖККУ мамлекеттери үчүн коркунуч жаратпайт