БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. 22-ноябрда Нарын шаарында жумушсуздук маселесин чечүү максатында жарманке өткөрүлөрүн аталган мэриядан кабарлашты.
Аймактык кабарчы анда 100дөн ашык иш орундар сунушталып, буга Нарындын 20дан ашык алдыңкы ишканалары катышары айтылганын билдирди. Мындан тышкары, кесип тандоо, кесипке багыт алуу, жаңы адистиктер боюнча маалыматтар берилет.
Мэриядан мындай демилге Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп жатканын белгилешти.