Кыргызстан жакшы коргонду. Таркович Оман менен болгон оюн тууралуу

Штефан Тарковичтин айтымында, Кыргызстандын даярдыгы омандыктарга салыштырганда мыкты болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы мыкты коргоно алды. Мындай мүнөздөмөнү Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу Оман менен болгон беттеш туурасында айтып жатып билдирди.
Ал өзү жетектеген команда менен сыймыктанарын да кошумчалады.
"Командабыз менен сыймыктанам. Оман — фаворит команда. Бизде даярдыктар жакшы болду. Командадагы оюнчулар бири-бирин жакшы түшүнүп, тактикаларын биле баштады", — деди машыктыруучу.
Бүгүн кыргызстандык “Ак шумкарлар” Омандын курама командасы менен беттешип, аларды 1:0 эсебинде жеңип алды.
Атаандаштардын дарбазасына топту экинчи тайм башталгандан көп өтпөй Одилжон Абдурахманов киргизди.
Бишкек шаарында Кыргызстандын 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында экинчи беттеши болду. Алдыда эми Тайвань командасы менен күч сынашат.
Буга чейин "Ак шумкарлар" Малайзиянын футболчулары менен алардын оюн талаасында кездешип, 4:3 эсебинде жеңилип калган.
Ураа! Кыргызстандын футболчулары Омандын командасын жеңди