Лавров: Газада тынчтык орнотуу үчүн тиешелүү шарттар зарыл

Министр тез арада чече турган милдеттерге алгач согушту токтотуу жана гуманитардык маселелерди чечүү кирерин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Палестин-Израиль чатагын жөнгө салуу процессин башташ үчүн азыртадан тиешелүү шарттарды түзүүгө киришүү, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого даярдык көрүү жана мурда пландалган Палестина мамлекетин түзүү керек. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Араб мамлекеттер лигасы жана Ислам кызматташуу уюмунун (ИКУ) биргелешкен комитетинин мүчөлөрү менен жолугушууда айтты.
РИА Новости министр тез арада чече турган милдеттерди жазды.
Алар — согушту токтотуу, гуманитардык маселелерди чечүү жана барымтадагыларды куткаруу.
"Бул кечиктирбей чече турган милдеттер менен биргеликте стратегиялык мүнөздөгү маселе. Бирок азыртадан аларды чечүү боюнча тиешелүү шарттарды түзүүгө киришүү керек. Айтайын дегеним, ири алдыда тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштоого кам көрүүнү БУУнун жана 2002-жылы Араб дүйнөсүнүн тынчтык демилгесинин эл аралык алкакта бекитилген негиздеринде баштоо керектигин белгилеп кетмекчимин. Аларда 1967-жылдагы чектеринде суверендүү, көз карандысыз, бүтүн Палестина мамлекетин түзүү белгиленген", — деди Лавров.
Эске салсак, бүгүн Москва шаарында Лавров Араб мамлекеттер лигасы жана Ислам кызматташуу уюмунун (ИКУ) биргелешкен комитетинин мүчөлөрү менен жолукту. Аталган комитетке Сауд Арабиясынын, Иорданиянын, Египеттин, Индонезиянын, Палестинанын ТИМ башчылары жана ИКУнун башкы катчысы кирет.
Газада каза болгон журналисттердин саны айтылды