Ураа! Кыргызстандын футболчулары Омандын командасын жеңди

Стадиондогу күйөрмандар “Ак шумкарларды” сүрөп, гол киргизгенге ыңтайы келген учурда кыйкырып, ордунан тура калып жатышты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бишкекте Оман командасын 1:0 эсеби менен жеңди.
Атаандаштардын дарбазасына Одилжон Абдурахманов киргизген гол кыргызстандыктарга майрам тартуулады. Ал экинчи тайм башталары менен эле эсеп санын ачкан болчу.
Биринчи таймда "Ак шумкарлар" бир нече жолу омандык атаандаштарынын дарбазасына чабуул жасап, бирок ийгиликсиз болду. Оюн катуу таймаш менен өттү. Ал эми стадиондогу кыргызстандык күйөрмандар спортчуларды сүрөп, гол киргизгенге ыңтайы келе калган учурда кыйкырып, ордунан тура калып жатышты.
1 / 2

Биринчи таймда "Ак шумкарлар" бир нече жолу омандык атаандаштарынын дарбазасына чабуул жасап, бирок ийгиликсиз болду. Оюн катуу таймаш менен өттү.

2 / 2

Ал эми стадиондогу кыргызстандык күйөрмандар спортчуларды сүрөп, гол киргизгенге ыңтайы келе калган учурда кыйкырып, ордунан тура калып жатышты

Оюнду алар менен кошо президент Садыр Жапаров, өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган бийлик өкүлдөрү да көрүп отурду.
Белгилей кетсек, буга чейин улуттук команданын футболчулары омандыктар менен үч ирет беттешип, ута алган эмес.
Бүгүн Кыргызстандын 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында экинчи беттеши болду. Алдыда эми Тайвань командасы менен күч сынашат.
Буга чейин "Ак шумкарлар" Малайзиянын футболчулары менен алардын оюн талаасында кездешип, 4:3 эсебинде жеңилип калган.
Футбол: Кыргызстандын командасы Малайзияда үй ээлерине утулуп калды