КРСУда кытай тили жана маданияты боюнча жаңыланган борбор ачылды

Элчи бул борбор Кытай тууралуу көбүрөөк маалымат алууну каалагандар үчүн аянтча болорун билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинде кытай тили жана маданияты боюнча жаңыланган борбор ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдирди.
Ачылыш аземге Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, кытайлык компаниялардын өкүлдөрү жана аталган университеттин мугалими, студенттери катышты.
1 / 3

Кыргыз-Россия Славян университетинде кытай тили жана маданияты боюнча жаңыланган борбор ачылды

2 / 3

Ачылыш аземге Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, кытайлык компаниялардын өкүлдөрү жана аталган университеттин мугалими, студенттери катышты

3 / 3

КРСУнун ректору Денис Фомин-Нилов билим берүү жана илим жаатында гуманитардык кызматташтыкка даярдыгы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди

КРСУнун ректору Денис Фомин-Нилов билим берүү жана илим жаатында гуманитардык кызматташтыкка даярдыгы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
“Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүүгө катышып, кызыкдар болгонуңуздар биздин өлкөлөрдүн ортосунда достук мамилени чыңдоодо маанилүү роль ойнойт. Биз Кытай тили жана маданияты борборунун жаңыланышын өзгөчө баалайбыз, аны менен катар мындан ары да ушул маанилүү багытта жемиштүү кызматташабыз деген үмүттөбүз”, — деди ректор.
Ал эми Ду Дэвень бул борбор Кытай тууралуу көбүрөөк маалымат алууну, кытай тилин жана маданиятын билүүнү каалагандар үчүн аянтча болуп каларын билдирди.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында КРСУнун окумуштуулар кеңеши, студенттери, КУУ жана БМУнун студенттери үчүн “Бир жол, бир алкак” темасында ачык лекция өткөн.
Аталган борбордун директору Лира Сулайманова имаратты жаңылоого демөөрчүлүк кылган Шэньси провинциясынын Борбор Азиядагы ишкерлер ассоциациясына ыраазычылык билдирди.
Бишкекте эл аралык медиамектеп ачылды