БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Токтогул ГЭСин кайтарып жатып, шеригин атып качып кетти деп шектелип жаткан жоокер кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, кечээ, 20-ноябрда, Токтогул ГЭСинде ички аскерлер бөлүгүнүн жоокери аны менен кошо кызмат өтөп жаткан куралдашын атып алганы айтылган. Бул окуядан кийин аталган жерде күзөт күчөтүлүп, шектүү изделип жаткан.
"Б.У. аттуу шектүү бүгүн болжол менен саат 16:00дөр чамасында колго түшүрүлдү. Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана атайын түзүлгөн ыкчам тергөө тобу, УКМКнын облустагы башкармалыгы жана ИИМдин ички аскерлеринин кызматкерлери 21 жаштагы жоокерди Кара-Көл шаарындагы турак жайлардын биринин чатырында жашынып жаткан жеринен кармап, куралы алынган", — деп айтылат маалыматта.
20 жаштагы аскерди өлтүрүүгө шектелген жоокер Аскер прокуратурасына өткөрүп берилгени кошумчаланды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.