Радио

Кыргызстан Россия менен биргеликте калктын 9 ооруга каршы иммунитетин изилдөөдө

Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун Вирустарды көзөмөлдөө илимий-практикалык борборунун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов өлкөдө 69 кан алуу пункту ачылганын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда Россиянын илим-изилдөө институту менен биргеликте вакцина менен алдын алууга боло турган тогуз ооруга калктын иммунитетин текшерүү боюнча изилдөө жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, иликтөө Вирустарды көзөмөлдөө илимий-практикалык борбору жана Санкт-Петербургдагы Пастер атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
"Кыргызстандыктар вакцина менен башкарылуучу жана башка инфекцияларга каршы иммунитетин акысыз текшере алышат. Изилдөө Саламаттык сактоо министрлиги менен Санкт-Петербургдагы Пастер атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту менен биргеликте илимий долбоордун алкагында жүрүп жатат. Азыркы учурда атайын алдын алуу жүргүзүлгөнүнө карабастан Кыргызстанда да башка өлкөлөрдөгүдөй эле вакцина менен башкарылуучу инфекциялар менен ооруган учурлар көбөйдү. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун базасында вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга калктын популяциялык иммунитетин баалоо максатында изилдөө жүргүзүүдө. Кыргызстандын тургундары кызамык, кызылча, паротит, SARS-CoV-2 вирусуна, А, В, С, D, Е вирустук гепатиттерине карата акысыз тестирлөөдөн өткөрүлөт. Изилдөө эмдөө программасына жана башкаруу чечимдерин кабыл алууга дагы кошумча оңдоолорду киргизүүгө мүмкүндүк берет. Учурда республика боюнча 69 кан алуу пункту ачылган", — деди Нурматов.
Ал изилдөөгө катышуу үчүн анкетадан өтүү керектигин кошумчалады.