Эл аралык издөөдөгү киши Бишкектен кармалып, өз өлкөсүнө чыгарылды

Колго түшүрүлгөн адам Өзбекстандын аймагында зомбулук менен байланышкан оор кылмыш жасаган деп айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Өзбекстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалып, бир нече күндөн кийин өз өлкөсүнө чыгарылганын УКМК билдирди.
Атайын кызматтан 26 жаштагы А.С.Ш. кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп Өзбекстандын аймагында зомбулук менен байланышкан оор кылмыш жасагандыгы аныкталганын айтышты.
Ал жоопкерчиликтен качып Баткен облусунун аймагы аркылуу эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Маалыматтарга ылайык, А.С.Ш. жогорудагы жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн Өзбекстанда укук коргоо органдары тарабынан эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.
Аны бир нече күн мурда Бишкектен кармашкан. Биринчи май райондук сотунун чечими менен Өзбекстанга чыгарылган.
УКМК чет элдик жарандан 60 млн. сомго жеткен баңгизат тапты