Радио

Искендеров: мигранттарды ЕАЭБге интеграциялоодо диаспоралардын орду чоң

Россиядагы "Кыргыз биримдиги" диаспорасынын президенти Канат Искендеров чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттардын башын бириктирген форумдардын уюштурулушу өлкө экономикасына чоң салым кошорун айтты.
Sputnik
Эмгек мигранттары көп жүргөн ири шаарларда коомдук бирикмелер, диаспоралар өкмөттүк мекемелерден кем эмес иш жасап жатышат. Алсак, Россия Федерациясында жүргөн кыргызстандыктарды ЕАЭБге интеграциялоодо аталган уюмдардын эмгеги зор. Бул тууралуу Канат Искендеров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эмгек мигранттары көбүнесе юридикалык кеп-кеңешке муктаж болушат.
"Ушул жылдын 14-15-ноябрында "Мекендеш" форуму болуп өттү. Ага дүйнө жүзүндө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын атынан диаспоралардын өкүлдөрү катышты. Бир топ маанилүү маселелер көтөрүлдү. Ушунун өзү чет өлкөдөгү коомдук уюмдардын, диаспоралардын мамлекеттик мекемелер менен тыгыз иш алып барып жатканын тастыктайт. Өзгөчө мигранттар көп жүргөн аймактарда диаспоралардын орду чоң. Мисалы, Россияда ЕАЭБге интеграциялоодо биз мекендештер менен тыгыз иштешип жатабыз. Ай сайын биздин диаспорага 2000ге чукул кыргызстандык кайрылып, ар кандай маселелер боюнча акысыз юридикалык кеп-кеңештерди алып турушат", — деди Искендеров.
Ал ошондой эле балдарын эмгек миграциясына жиберген ата-энелер аларга көз салып, тыкыр көзөмөлдөп туруусу зарыл экенин кошумчалады.