Эс алып, чайканып чыксаңыз болот. Бишкек — Ош жолунда эки RestPoint ачылды

Жаңы жайлар Жалал-Абад калаасында жана Кара-Көл шаарынын кире беришине коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун боюна эки RestPoint ачылды. Бул туурасында Туризмди колдоо фонду билдирди.
Бишкек — Ош жолунун боюна эки RestPoint ачылды.
Алар Жалал-Абад шаарына жана Кара-Көлдүн кире беришине коюлган. Ары-бери өткөндөр токтоп эс алып, өзөк жалгап, чай, кофе ичип, ажатканага кирип, чайканып чыкса болот. Ар бир жайда Кыргызстандын кызыктуу жана ажайып жайлары тууралуу интерактивдүү дисплей бар.
RestPoint тыныгуусуз иштейт, кышында жылынуучу жай катары да колдонулары айтылды. Ушул сыяктуу дагы үч зона Өзгөн калаасында, Барпы жана Саруу айылдарында ачылуу алдында турат.
Алгачкы RestPoint быйыл жазда Кеминде пайдаланууга берилген. Кыргызстан боюнча 68 пункт куруу пландалууда.
Жапаров Жалал-Абадды түрк дүйнөсүнүн туристтик аймагы деп жарыялоону сунуштады