Радио

Балдар эмне үчүн өспүрүм куракта кыйналат? Психологдун жообу

Педагог-психолог, балдар психологу Айнек Муратбекова өткөөл куракта баланын жасаган ар бир кадамы бир көйгөйдөн кабар берерин айтты.
Sputnik
Өспүрүм кезде балдар чоң киши болгонун далилдегиси келерин Айнек Муратбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай учурда бала үчүн ата-эненин жана коомдун түшүнгөнү маанилүү.
"Балдар үчүн эмнеге өспүрүм курак кыйын? Өткөөл куракта эмоцияларды түшүнүү жеңил болбойт. Аны балдар өздөрү да түшүнө албай кыйналат. Мындан улам ата-эненин же улуулардын колдоосу жана көзөмөлү чоң роль ойнойт. Өспүрүм кезде балдар өз алдынча чечим кабыл ала аларын, чоң киши болуп калганын тастыктагысы келет. Бирок ата-энелер баласын бала катары көргөндүктөн ар кандай келишпестиктер, түшүнбөстүктөр жаралат. Бала бул куракта тамеки тартып баштаса, же чачын боеп, кыркып салса, мындай жүрүм-турумдун аркасында сөзсүз бир маселе жаткан болот. Өткөөл куракта туура чечим кабыл алып, анализ жүргүзүүнү көбүнчө эмоция жеңип кетет. Баланы мындай учурда ата-эне да, коом да түшүнбөй жатса, анда бала акыркы чекит ушул жер экен деп ойлоп калышы мүмкүн", — деди психолог.
Ал өспүрүм куракта бала көбүрөөк көңүл бурууну талап кыларын кошумчалады.