Акылбек Жапаров: кийинки жылы аз акча алгандардын гана айлыгы көтөрүлөт

Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлердин маянасы жакшы эле көтөрүлгөнүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кийинки жылы аз акча алган мамлекеттик кызматкерлердин гана айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков Жапаровго "2024-2025-жылы бюджеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйөбү?" деген суроо узаткан.
"Көбөйбөйт, биз жакшы эле көтөрүп бердик. Азыр колунда жокторго жиберебиз. Эң аз алып жаткандарды көтөрүш керек, муну Садыр Нургожоевич принцип катары мага айтты. 7 миң сом алып жаткан мамлекеттик кызматкер болсо, анысын көтөргүлө деди. Бирок 70 миң алып жатканды кичине коё турсун деди. Эң төмөн айлык алып жаткандардын баарын карап чыгабыз", — деди өкмөт башчы.
Улуттук статистика комитетинин январь-апрель айларына карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда орточо маяна 30 862 сомду түзөт.
Кыргызстанда банк карталарынын саны бир нече жылда эки эсе көбөйдү