БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов Спутник кичи шаарчасында акыр-чикир таштоочу жайдан табылган ымыркайдын абалы тууралуу маалымат берди.
Эске салсак, эки күн мурда, 18-ноябрда, саат 08:40тар чамасында Жалал-Абад шаарында да таштанды жайдан ымыркай табылган. Милиция баланын энеси 18 жаштагы кыз экенин айтып, ал убактылуу жашаган батиринен төрөп, кийин коркконунан баланы акыр-чикир таштоочу жайга таштап кеткенин маалымдаган.
Байдавлетовдун айтымында, ташталган ымыркайды кошунасы көрүп калып Тез жардам кызматын чакырган.
"Бөбөк үшүп калган. Ал айына жетпей (34 жума) төрөлгөндүктөн облустагы Балдар ооруканасынын ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө жаткырылган. Азыркы абалы орто. Энеси төрөт үйүнө жаткырылып чыгарылган. Баласын келип-кетип карап жатат", — деди ал.
Кечээ түнү Бишкекте да аянычтуу окуя катталган. Арча-Бешик конушунда турак үйлөрдүн биринин короосунан жаңы төрөлгөн ымыркай табылып, аны төрөт үйүнө милиция кызматкерлери жеткирген.