БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасында акыр-чикир таштоочу жайдан жаңы төрөлгөн кыз табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ымыркай эки күн мурда, 18-ноябрда, саат 08:40тар чамасында табылган. Факт Жалал-Абад ШИИБдин электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.
"Милиция окуяны териштире баштаганда ымыркайдын энеси таштанды таштоочу жайга жакын жердеги батирде убактылуу жашап жатканы аныкталган. 18 жаштагы кыз убактылуу жашаган батиринде, жуунган жайдын ичинен төрөп, кызын кийимге ороп, коркконунан таштандыга таштап койгон", — деп айтылат маалыматта.
Ымыркайды төрөт үйүнө аны таап алган адам менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү үшүп калган абалда алып барган. Учурда текшерүү иштери уланууда.