БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдө ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлеринин рейддик ишине каршылык көрсөткөн балык уулоочулар кармалып, баш коргоо чарасы тандалды.
Облустук милициядан кабарлашкандай, окуя Түп айылында болгон. Анда айылдын жээгинде жергиликтүү эки тургун мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен кармалган.
"Алардан үйлөтүлгөн эки кайык жана балык уулоочу жети тор табылып, Түп РИИБдин ыкчам тергөө тобу чакырылган. Аталган топ окуя болгон жерге баратканда алардын жолун 5-6 автоунаа тороп, 10дон ашык киши милиционерлердин ишине тоскоолдук кылышкан", — деп айтылат кабарда.
Аталган факт Түп РИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин ("Бейбаштык") негизинде кылмыш иши козголгон.
"Бул окуяга шектелип 12 адам кармалып, алардын ичинен жетөө Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин сот ишти карап, аларды үй камагына чыгарган", — деп жазылат маалыматта.
Кармалгандарды тинтүү учурунда төртөөнүн үйүнөн балык уулоочу 28 тор, ар кандай түрдөгү 37 балык жана 1 үйлөтмө кайык табылганы кошумчаланды.