Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Өзүн-өзү жеп жатат". Украина аскер кызматына 50дөн өткөн аялдарды кабыл алууда

54 жаштагы аялдын үч баласы, алты небереси бар.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Аскер кызматына жашы өткөн аялдарды кабыл ала баштаса, Украинанын абалы чындап эле оор. Бул тууралуу америкалык экс-чалгынчы Скотт Риттер X соцтармагына (мурунку Твиттер) жазды.
Ал Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращинконун жүктөгөн видеосуна ушундай комментарий берген. Роликте Украина Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн аял көрүнөт. Кеңешчинин айтымында, 54 жаштагы аялдын үч баласы, алты небереси бар.
"54 жаштагы аялдарды армия катарына кабыл алууга аргасыз болсо, анда Украинанын абалы өтө эле оор. Аялга баа бердим, кооптуу жакта жүрөт. Бирок өлкөнүн кызматка ушундай аялдарды тартышы көп нерседен кабар берет. Украина өзүн-өзү жеп жатат", — деп жазган Риттер.
Украина 2022-жылдын 24-февралынан тарта аскердик абалда жашап келет. Эртеси президент Владимир Зеленский жалпы мобилизация тууралуу жарлыкка кол койгон. Украинанын экс-премьер-министри Николай Азаров октябрда аскер кызматкерлеринин жетишсиздигинен мобилизация катаалдаша турганын билдирген. Саясатчынын айтымында, жай айларында Украина Куралдуу күчтөрү "стратегиялык жеңилүүгө" дуушар болуп, мындан улам Куралдуу күчтөр толуктоого муктаж.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жашоо ушундай. Зеленский украин армиясы артка чегиниши мүмкүндүгүн айтты