Радио

РКӨФ "жашыл бизнеске" 15 млн. доллар жеңилдетилген насыя берет

"Токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрлөө" долбоорунун улуттук координатору Гүлмира Урманбетова климатты жакшыртууга багытталган аракеттер тууралуу айтып берди.
Sputnik
Токойду жана жайытты жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн 50 миллион долларга чукул каражат каралууда. Бул тууралуу Гүлмира Урманбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоордун максаты — жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу.
"Жашыл климат фонду тарабынан каржыланган "Токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрлөө" долбоору ишин баштады. Анын алкагында сегиз жыл аралыгында болжол менен 6000 гектар токой отургузулуп, жаңыланат. Мындан тышкары, болжол менен 650 миң гектар жайытты башкаруу жакшырышы күтүлүүдө. Иштин жүрүшү, натыйжасы болсо жаңы технологияларды колдонуу менен космостон алынган сүрөттөр, карталар аркылуу мониторингделип турат. Натыйжасында 20 миллион тонна көмүр кычкыл газы тазаланат деген үмүт бар. Долбоордун жалпы наркы 50 миллион долларга чукул каражат. Анын ичинен 30 миллион доллары гранттык түрдө алынат. Ошондой эле жашыл компоненттерге басым жасаган 150 ишкерге колдоо көрсөтүлөт. Ал үчүн 15 миллион доллар Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан жеңилдетилген насыя катары берилет. Ал эми кыйыр пайда алуучулардын саны 430 миллиондон ашуун адам деп эсептелүүдө", — деди Урманбетова.
Ошондой эле ал долбоордун алкагында укуктук-нормативдик иштерди жүргүзүү мерчемделгенин кошумчалады.