РОСКИНО менен "Кыргыз тасмасы" кызматташмай болду

Башкы максаттардын бири — Кыргызстан менен Россиянын киноиндустрия тармагын өнүктүрүү.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Россиялык РОСКИНО менен "Кыргыз тасмасы" мамлекеттик концерни кызматташмай болду. Бул туурасында аталган уюмдун маалымат кызматы кабарлады.
Башкы максаттардын бири Кыргызстан менен Россиянын киноиндустрия тармагын өнүктүрүү экенин айтышты. Тараптар, андан сырткары, улуттук фильмдерди алдыга жылдырып, кино өндүрүшүнүн ишин жакшыртуу боюнча биргелешкен долбоорлорду алып барууну макулдашкан.
Документке "Кыргыз тасмасы" мамлекеттик концернинин директору Талантбек Төлөбеков менен РОСКИНОнун бизнес-процессти башкаруу жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы директорунун кеңешчиси Римма Сачунова кол койгон. Алар рыноктун суроо-талабына ылайык киноөндүрүш жана контентти жайылтуу тармагын кеңейтип, күчтөндүрүүнү белгилешкен.
Радио
Бекболотов: КМШ өлкөлөрү биргелешип кино жаратууга муктаж