Көрсөңөр кабарлагыла: Кара-Көлдө үч бала 8 күндөн бери дайынсыз. Сүрөт

Балдарды акыркы жолу 12-ноябрда саат 17:00 чамасында көчөдө ойноп жатканда көрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облустук милициясы 11 жаштагы Нурмуханбет Мураталиевди, 13 жаштагы Нурислам Мураталиев менен Замирбек Мамбетовду издеп жатат.
Алар Кара-Көл шаарында жашаган. Акыркы жолу 12-ноябрда саат 17:00 чамасында көчөдө ойноп жатканда көрүшкөн.
"Учурда жеткинчектердин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп жазылган маалыматта.
Нурислам Мураталиевдин белгилери: бою — 1,35-1,40 см, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө. Кара түстөгү куртка, көк түстөгү толстовка, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара спорттук бут кийим менен жүргөн.
Нурмуханбет Мураталиевдин белгилери: бою — 1,25-1,30 см, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө. Кочкул кызыл түстөгү толстовка, астында кара түстөгү спорттук шым, бутунда ак түстөгү тапочка менен жүргөн.
Замирбек Мамбетовдин белгилери: бою — 1,45-1,50 см, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө. Кара түстөгү курткачан, көгүш түстөгү толстовкачан, кара түстөгү спорттук шымчан, таманы ак-кара түстөгү спорттук бут кийимчен болгон.
Жалал-Абад облустук милициясы балдарды көргөндөр болсо 102, (03746) 5 12 00, 0704 92 76 66; 0708 39 01 39 телефон номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.
Соода борбордон уурдалган 3 жашар кыз. ИИМ аны 800 кызматкер издегенин билдирди