Жапаров япон өкмөт башчысын өлкөгө чакырды. Жолугушууда эмне кеп болду

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия түзүү маселесин кароо сунушталды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүү өткөргөнүн мамлекет башчынын администрациясы маалымдады.
Билдирмеге ылайык, анда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыктын абалы, келечеги, анын ичинде "Япония +Борбор Азия" форматы талкууланды.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүү өткөргөнүн мамлекет башчынын администрациясы маалымдады.

2 / 3

Билдирмеге ылайык, анда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыктын абалы, келечеги, анын ичинде "Япония +Борбор Азия" форматы талкууланды.

3 / 3

Премьер-министр Кыргызстан Япониянын досу жана өнөктөшү экендигин, бир катар багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирген.

Премьер-министр Кыргызстан Япониянын досу жана өнөктөшү экендигин, бир катар багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирген.
Садыр Жапаров япон тарапка меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Япония Кыргызстан үчүн жакын өлкө экенин белгилеген.

"Мамлекет башчысы Япониянын колдоосунда Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чыңдоого зор салым кошкон конкреттүү долбоорлор жана программалар ишке ашырылганын билдирди. Ал кол коюлуп жаткан жаңы саясий документ Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы жаңы доордогу достук жана ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен билдирүү экенин айтты", — дешти администрациядан.

Мындан тышкары, мамлекет башчы премьер-министр Фумио Кисиданы Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырган.
Маалыматта белгиленгендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу максатында бул жаатта жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия түзүү маселесин кароо сунушталган. Ошондой эле тараптар "Инвестицияларды өз ара коргоо боюнча" келишимге кол коюуну иштеп чыгууга макулдашкан.
Белгилей кетсек, учурда мамлекет башчы расмий сапары менен Японияда жүрөт.
Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен Киотодо чай аземинде. Видео