Токтогул ГЭСинде ИИМдин жоокери киши колдуу болду

23 жаштагы шектүү окуя болгон жерден автомат менен качканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жалал-Абадда аскер кызматкери жоокерди атып салганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин ишенимдүү адамдары билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя бүгүн таңкы саат 6:00дөр чамасында ИИМдин ички аскерлер бөлүмүндө катталган.
"23 жаштагы шектүү окуя болгон жерден качып кеткен. Айрым маалыматтар боюнча, жанында ок-дарысы менен автомат бар. Аскердик бөлүктүн күзөт кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө", — деди маалымат бергендер.
Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Карманбек Байдавлетов ок атылганы боюнча маалымат Токтогул ГЭСинен саат 6:09да түшкөнүн билдирди.
"Тез жардам бригадасы окуя болгон жерге барганда жоокердин каза болгонун аныкташкан. Анын сөөгү Кара-Көл шаарындагы оорукананын моргуна жеткирилген. Жоокер ок тийип каза болгон деп божомолдонууда. Учурда медиктер экспертиза жүргүзүп жатат", — деген Байдавлетов.
Баткенде чек арачы спорттук турнир учурунда көз жумду