Кара-Көлдө жоокерди аткан аскер кызматкери издөөгө алынды. Чоо-жайы

Шектүү качканда колундагы куралын кошо көтөрө кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кара-Көлдө жоокерди аткан аскер кызматкери издөөгө алынганын ИИМдин ички аскерлер бөлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлады.
Такталган кабарда, бүгүн таңда, 5:50дө, нөөмөттө турган У. Б. бирге кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы С. Тны атып, ал окуя болгон жерден жан берген.
"Шектүү У. Б. качканда колундагы куралын кошо көтөрө кеткен. Азыр ага издөө салынып, иликтөө иштери башталды", — деп айтылган билдирүүдө.
Эске салсак, бүгүн Токтогул ГЭСинде ички аскерлер бөлүгүнүн жоокери кошо кызмат өтөп жаткан уланды атып алганы айтылган. Бул окуядан кийин аталган жерде күзөт күчөтүлүп, шектүү изделип жатат.
Баткенде чек арачы спорттук турнир учурунда көз жумду