БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Юстиция министрлигинин "Тилектештик автобус" кызматы Баткен облусунун Кадамжай районуна барат. Бул тууралуу мекемеден маалымдашып, аталган кызматтын маршрутун түшүндүрүштү.
21-ноябрь — Кара-Дөбө айылында, айыл өкмөтүнүн имараты;
22-ноябрь — Кызыл-Булак айылында, айыл өкмөтүнүн имараты;
23-ноябрь — Кара-Жыгач айылында, айыл өкмөтүнүн имараты;
24-ноябрь — Майдан айылында, айыл өкмөтүнүн имараты.
"Тилектештик автобусу" сапарынын максаты – Мамлекеттен кепилденген юридикалык жардам системасынын адвокаттары, Юстиция министрлигинин кызматкерлери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү .
Бул акциянын алкагында каалоочулар жер, турак жай, жарандык, үй-бүлөлүк, кылмыш-жаза жана башка укуктук маселелер боюнча кеп-кеңеш ала алышат. Адистер саат 10:00дөн 16:00гө чейин иштешет.