Экономика министринин 4 орун басары иштен алынды. Тизме

Буга чейин коомчулук, өкмөт башчы өзү да экономика министринин сегиз орун басары бар экенин сындап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Экономика жана коммерция министринин төрт орун басары кызматтан алынганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Министрдин орун басарлары Чыңгыз Макешов, Канатбек Абдрахманов, Кубанычбек Закенаев, Назарбек Малаевди иштен алуу буйруктарына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин коомчулук, өкмөт башчы өзү да экономика министринин сегиз орун басары бар экенин сындап келген. Жапаров аларды кыскарта турганын убадалаган.
Бишкекте Нурдан Орунтаевдин ордуна жаңы вице-мэр дайындалды