Бишкектин чок ортосунда Түгөлбай Сыдыкбековго эстелик коюлду

Ал кыргыз адабиятындагы таланттуу романисттердин бири.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкектин чок ортосундагы Эркиндик гүлбагында белгилүү жазуучу Кыргыз эл баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун айкели ачылды.
Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, коомчулук катышты.
1 / 3

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, коомчулук катышты

2 / 3

Түгөлбай Сыдыкбеков ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон

3 / 3

Анын романдары менен бир канча муун тарбияланган. "Тоо арасында", "Тоо балдары", "Темир" романдары Сыдыкбековду кара сөзчү катары таанытты

Түгөлбай Сыдыкбеков ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Анын романдары менен бир канча муун тарбияланган. "Тоо арасында", "Тоо балдары", "Темир" романдары Сыдыкбековду кара сөзчү катары таанытты.
Сүрөткердин турмушунда "Көк асаба" романы өзгөчө тагдырдагы чыгарма болгон. Ал Орхон-Энесай доорундагы түрк элдеринин басып өткөн жолун көркөм жалпылаштырууга алган, бул дал ошол тарыхыйлыгы менен тоталитардык доордун "кара сандыгына" кабылган. Көп жыл окурмандарына жетпей жатып, заман бир аз оңолгондо гана 1989-жылы окурман колуна тийген.
"Көк Асаба" романы туурасында кызыктуу 10 факты