БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
19-ноябрдан 25-ноябрга чейинки божомолдо жуманын башы жаан-чачындуу болуп, тоолуу аймактарда кар түшөрү айтылды.
Чүйдө
19-20-23-ноябрь күндөрү айрым жерлерде жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Ал эми 21-22-ноябрда жаан-чачын болбойт. Жуманын этеги 24-25-ноябрда дагы күн ачык турарын айтты.
Таласта
Аймакта 19-ноябрда жана 20-ноябрда түнкүсүн, ошондой эле 22-23-ноябрда айрым жерлерде жамгыр төгүп, тоолуу райондордо кар түшөт. Ал эми 21-ноябрда жана 24-25-ноябрда жаан-чачын болбойт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен
Аймактарда 19-ноябрда күндүз, 20-ноябрда түнкүсүн жана 23-ноябрда мезгили-мезгили менен жаан-чачын болуп, тоолуу райондордо кар түшөт. 20-ноябрда күндүз жана 21-22-ноябрда күндүн көзү бузулбайт. Жуманын этеги, 24-25-ноябрда күн ачык.
Ысык-Көл
Облуста 19-ноябрда күн ачык турат. Бирок эртеси 20-ноябрда жана 23-34-ноябрь күндөрү жамгыр жаап, айрым жерлерге кар түшөт. Жуманын этегинде күндүн көзү бузулбайт.
Нарын
Облуста 19-20-23-ноябрда айрым жерлерде жаан, кар жаашы күтүлөт. Калган күндөрү күн ачык болору божомолдонду.