Илон Маск Х тармагына каршы сүйлөгөндөрдүн баарын сотко берерин билдирди

Ишкердин буга чейин еврейлер тууралуу жазган комментарийи сынга кабылган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск Х социалдык тармагы анын “антисемитизм” маанайында айткан сөзүнө каршы чыккан уюмдардын баарын сотко бере турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Кечээ, 17-ноябрда, Hollywood Reporter басылмасы Warner Bros., Sony Pictures, Paramount, Lionsgate кинокомпаниялары X социалдык тармагына жарнама жайгаштырууну токтотоору тууралуу жазган. Буга Масктын еврей улутундагылар жөнүндө айтканы негиз болгон. Ушундай эле чечимди Walt Disney жана IBM, Apple сыяктуу компаниялар да кабыл алган.
“Дүйшөмбүдө бир көз ирмемде соттук иштер ачылат. X Corp биздин компанияга шылуундук менен чабуул кылууга катышкандарга жана ЖМКларга — бардыгына термоядролук арыз жазат”, — деген билдирүү калтырды Маск Х тармагына.
Америкалык ишкердин буга чейин бир колдонуучунун постунун алдына жазган комментарийи сынга кабылган. Көпчүлүгү аны антисемитизм катары кабылдашкан. Бул сөзүн Ак үй да көңүл сыртында калтырган эмес.
Мындай чуунун фонунда Маск ага таандык Х социалдык тармагына ким геноцидди колдоо сөзүн жазса баракчасын блоктой турганын айтты.
Кайгырткан карыз. Маск Зеленскийдин "ыйламсыраган" мемин таратты