Байден: Украина менен Жакынкы Чыгыштагы чатактардан чоң прогресс болот

АКШ президенти учурда дүйнө өзгөрүү босогосунда турганын, Европа жана Жакынкы Чыгыштагы каатчылык маселелеринде АКШнын тандоосу бул өлкөлөрдүн кийинки муундарынын келечегин аныктай турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Украина менен Израилдин айланасындагы чыр-чатактар чоң прогресске алып келет. Мындай пикирин АКШ президенти Жозеф Байден айтканын РИА Новости агенттиги жазды.

"Украинада, Израилде, Газада жана башка көптөгөн жактарда канчалаган зомбулук, азаптар болуп жаткан учурда башка нерсе болушу мүмкүн экенин элестетүү оор. Бирок биз өткөндөн алган сабактарды жана тарыхты унутпашыбыз керек. Чоң трагедиядан, азап-кайгылардан кийин чоң прогресс жаралышы мүмкүн. Көбүрөөк ишеним, эркиндик болсун, ачуулануу, ардануу жана согуш аз болсун", – деген Байден

Америка лидери АКШ чечкиндүүлүгүн жоготпой бул максаттарга жетиши керектигин, ал эми анын администрациясы мындай стратегияны Жакынкы Чыгышта, Европа жана бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча жүргүзүү ниетинде экенин билдирген.
"Бул келечекке карай жолдо биз жасаган ар бир кадам – прогресс, ал дүйнөнү коопсуз, эл эми АКШнын коргонуусун мурункудан күчтүү кылат", — дейт ал.
Байден белгилегендей, учурда дүйнө өзгөрүү босогосунда турат, Европа жана Жакынкы Чыгыштагы каатчылык маселелеринде АКШнын тандоосу бул өлкөлөрдүн кийинки муундарынын келечегин аныктайт.
Байдендин макаласы АКШ администрациясынын Израиль менен Украинаны колдоо үчүн Конгресстен 105 миллиард доллардан ашык каражат бөлүү өтүнүчү бир жаңсыл болбой жаткан учурда чыккан. Ак үйдүн Стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби 8-ноябрда Россиянын атайын операциялары башталгандан бери Вашингтон Украинаны колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттын 96 пайызын коротконун билдирген.
АКШнын Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын көпчүлүгүнүн акыркы эки айда каражат бөлүү боюнча макулдашууну кароону каалабагандыгынан улам жана бекитилген бюджеттин жоктугунан өлкөнүн өкмөтүнүн иши токтоп калуу коркунучунда турат. Мыйзам чыгаруучулар эки жолу тең өкмөттүн бюждетин убактылуу кабыл алышкан. Анткени менен Ак үйдүн өтүнүчү кийинки аптада да каралбай турганы маалымдалат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын Украинага жаңы жардамдарды качан жөнөтүшү мүмкүндүгү айтылды