Жер казынасы боюнча жаңы мыйзам долбоорунда эмнелер камтылган? Маек

Тоо-кен тармагында да маселелер арбын. Учурда Жер казынасы жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Жаңы мыйзам долбоору өзүнө эмнени камтыры да кызык.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде аталган мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев, Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков болду.
— Бул мыйзам долбоору аркылуу эмнелерди сунуштап жатасыздар?
Марлен Маматалиев: — Жаңы мыйзам долбоорунун эки багыты бар. Биринчиси — лицензия алгандан кийин экологиянын бузулушу же болбосо жергиликтүү элдин шартына ыңгайы келбеген учурлар кездешет. Ошол себептен лицензияны ыңгайына карап кайтаруу, токтотуу жаатында министрлер кабинетинин укуктарын кеңейттик. Бир жыл мурда алтын казууда мамлекеттин үлүшү кеминде 30 пайыз болушу керектиги тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ошондо ача пикирлер болуп, бул көрсөткүчтү 70-80 пайыз кылуу боюнча айтылган. Бирок мындай талап инвесторлор үчүн кызык жаратпай калуу тобокелдигин эске алып, кеминде 30 пайыз деп калтырылган. Мүмкүндүккө, шартка жараша өкмөт мамлекеттин үлүшүн сүйлөшүү менен 40, 50, 60 андан дагы көп пайызды макулдашууга киргизсе болот.
Дүйшөнбек Камчыбеков: — Турмуштун талабына жараша мыйзамга да улам өзгөртүүлөр киргизилип турушу керек. Бул мыйзам 1992-жылдан бери келе жатат, ага көп жолу өзгөртүүлөр киргизилди. Акыркысын ассоциациянын мүчөлөрү туура кабыл алдык. Себеби 16-беренеде жазылгандай, кен экономикага иштеши шарт. Мында мамлекеттин үлүшү сөзсүз болушу керек. Экинчиден, экологиялык да зыяндары бар. Ошол себептен мамлекет кен казууну токтото алат. Кен иштетүүчү ишкана кемчиликтерин жойбосо, анда барып жоюуга да болот. Бирок бул жагы толук иштеген эмес жана ага көп себептер бар. Каралган экологиялык маселелер мыйзам түрүндө жакшы жазылып, жоболор менен тиешелүү мекемелер иштей тургандай болушу шарт. Азыр кытайлар менен биргеликте иштешип жаткан бир компания бар. Мында биздин үлүшүбүз 40 пайыз, ал эми алардыкы 60 пайызды түзөт. Муну сүйлөшүү жолу менен чечүү керек. Баары эле түздөн-түз мамлекеттики болушу үчүн алгач ал кендин баалуулугун дүйнөлүк биржанын наркы менен эсептейт. Анан ага кете турган капиталдык, эксплуатациялык чыгымдарды карап, аны менен келе турган пайда 35-40 пайызга чейин эле болот. Ошонун чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, иштетүү мүмкүн.
Ал эми биздин көмүр кендериндеги маселе оор деле эмес. Ачык жол менен казса чыгым аз кетет. Мында мамлекеттин үлүшүн көп сураса болот. Бир кезде “Жер үй” алтын кенин иштетип жаткан компаниялар 50 пайызга чейин мамлекетке үлүштөрүн берген. Тилекке каршы, ал компания иштебей калды. Бирок азыркы компанияда үлүшүбүз жок. Ошентсе да сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болот. Ал эми “Кумтөрдө”, “Алтын кен” компаниясында, “Эти Бакыр Терек-Сайда” мамлекеттин үлүшү бар. Кийин “Макмал” алтын кенине да үлүш киргизилди. Ар бир долбоордун кирешесине, чыгымына, экономикалык шарттарына байланыштуу үлүштү аныктаса болот. Экинчи жагынан экологиялык маселелерди мыйзамга так киргизип, анан чечүү керек. Бүгүн бизде Жер казынасы мыйзамы менен Жер кодексинин ортосунда чоң ажырым бар. Себеби жергиликтүү бийлик жер үлүшүнүн ээсине жайыт катары жашыл китеп берет. Ошол эле жерден кен чыгып кала турган болсо, мамлекеттик орган тарабынан дагы бирөөнө лицензия берилет. Мындай учурда жердин ээси менен лицензия алган адамдын ортосунда карама-каршылыктар пайда болуп калууда. Бүгүнкү күндө пайда болгон “сен менин жайытымды талкаладың, сен биздин сууну булгадың” өңдүү карама-каршылыктардын баары ошонун кесепети. Бир кезде Тоо-кен кодексин кайра иштеп чыгуу тууралуу маселе көтөрүлгөн. Бирок ал атына жараша чоң масштабдагы мыйзам болушу керек. Анткени өлкөнүн 98 пайызын тоо каптап турат. Жер казынасы жөнүндө мыйзамга эле кодекс түзүп, анын статусун Жер кодексине теңеп, анын артыкчылыктарын тактап койсок, жергиликтүү бийликтерде да маселе жаралбайт эле.
“Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев
— Мамлекеттин үлүшү 30 пайыз болушу керектиги инвесторлорду чочутпайбы?
Д.К.: — Алгач кендин рыноктогу керектүүлүгү каралат. Суроо-талап жогору, кирешеси мол кенди казууда “мамлекеттин кызыкчылыгы 80 пайыз болот” десе да инвестор макул болот.
— Азыр үлүш тактала элек экен. Бирок ал мамлекетке эмне бериши мүмкүн?
М.М.: — Акыркы кезде “Кумтөрдү” 100 пайыз өзүбүзгө алуу менен жеке кен иштете аларыбызды көрсөттүк. Мурда бир грамм алтын албай эле, төлөгөн салыгына же социалдык пакетине ыраазы болуп отуруп калганбыз. Анын кесепетинен экологиябыз талкаланган. Азыр мунун баары тыйылды. Мурда берилип кеткен кен чыгуучу жерлерди өкмөт сүйлөшүү жолу менен кайтарып алуу мыйзамы кирүүдө. Мисалы, Чаткалда канчалаган жерлер кытайдан келген инвесторлорго берилип кетти. Аларды кайтаруу максатында ушундай мыйзам керек. Эгер мыйзам чыкса, үлүштүн 30-40 пайызын кайтарып берүүгө макул болгондор чыгууда. Жакында эле Токтогулга барып, кен иштетүү компаниясынын ишин токтотуп келдик. Эл кыйкырып чыкканда гана эмес, экологияга зыяны келгени аныкталса, өкмөт баарыбызды кириштирбей туруп аны токтотуп коюшу керек.
Ар бир инвестор өз пайдасын ойлойт. Алар дүйнөлүк рынокто суроо-талап жогору болгон металлды казууда гана кичине үлүшкө макул болушу ыктымал. Бизде мындай кендер бар жана ал жагын да карайбыз. Ошондой эле запасы чоң же баалуу минералдар болсо мамлекет жүз пайыз иштетсе боло турган механизмдер дагы сакталган.
Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков
— Агай, бизде кенди 100 пайыз иштетип кетүү мүмкүнчүлүгү бар экенине ишенесизби?
Д.К.: — Муну анын башталыш жолдору деп айтууга болот. Мамлекеттик ишканага мурда лицензиялар аукцион, конкурс түрүндө берилип келсе, эми министрлер кабинетинин чечими менен түздөн-түз берилет. Бул жакшы көрүнүш. “Кыргыз алтын”, “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканалары ушундай жол менен лицензия алышууда. Келишимдин негизинде үлүштөрүн аныктап иш жүргүзүшүүдө. Азыр Миң-Кушка көмүр тазалоочу фабрика куруу тууралуу сөз болууда. Бирок ал кууш жер, анан да тазаланган 1,2 миллион тонна көмүрдү трассага алып чыгып Казарман менен байланыштырган жаңы жол менен Көкөмерен суусун бойлой Балыкчыга ташып келүүнү адис катары туура көрбөйм. Депутаттар да карап көрөр. Андан көрө ошол фабриканы Кара-Кеченин ылдый жагында жайгашкан Дыйкан айылына салсак болот. Келечекте станция курулуп, темир жол өтүүчү жерге ылайыктап курулса, экология жагынан да, жол коопсуздугунан да жакшы болмок. Фабриканын курулушу да 2-3 жыл убакытты алат. Учурда “Кыргыз көмүр” ишканасына мамлекеттик болгону үчүн 14 лицензия берилди. Бүгүн инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эгер ачык жол менен кен казыла турган болсо мамлекеттин үлүшү 40 пайыз, ал эми жер астынан өтө турган жол аркылуу казылса анда 30 пайызды түзөрү айтылууда. Биз деле муну туура кабыл алабыз. Анткени жер астынан иштетүү оор. Бүгүн кыргыз геологиясы кызматына жылына болгону 22 миллион сом бөлүнүүдө. Бул өтө аз. Ушундай темп менен кете бере турган болсок, 10 жылдан кийин минералдык сырьёбуз түгөнүп калат. Анда кандай кылабыз. Ошондуктан эмдиги жылы чалгындоо иштерине бир миллиард сом бөлүнгөнү жатат. Негизи экология менен геология тармагы бир мекемеде болгону да туура эмес. Бул жагын да карап көрүшсө. Экинчиден, көп жылдан бери тоо-кен тармагын да жоготуп алыптырбыз. Бизге анализ жасай турган мекеме керек.
— Кен иштетүү тармагында чет элдик инвесторлорго жергиликтүү эл каршы чыккан учурлар көп болот. Муну кантип чечесиздер?
М.М.: — Кандай болбосун казылып жаткан кен жергиликтүү элге зыяны тие турган болсо, казуу иштери токтотулушу керек. Бирок болбогон шылтоолор менен тоскоолдук кылган учурлар да жок эмес. Лицензияны токтотуу мыйзамда толук так, даана жазылган. Бир жылдын ичинде лицензияны иштетпесе мамлекет алып коюуга укугу бар.
Д.К.: — Кен казуу лицензиясын өзүбүзгө да берсек. Бүгүн “Кыргыз нефтегазда” 10 эле лицензия бар. Ал эми Кыргызстан боюнча 50дөй лицензия берилиптир. Кыргызстандагы мунай менен газга тийиштүү маселелерди “Кыргыз нефтегаз” мекемеси чечишин сунуштап жатабыз. Бүгүн өлкөдө ар кандай суунун түрлөрүнө 500дөн ашык лицензия берилиптир. Бирок башка өлкөлөрдөн импорттоп ичип келебиз. Ошону тейлеген мекемебиз да жок экен. Ал эми министрликте бир эле адис отурат. Ал лицензиялардын отчёту убагында тапшырылганын гана карайт. Бизге мамлекеттик колдоо эле эмес көзөмөл да керек.
Кыргызстанда өзүн-өзү камсыздоого жеткидей мунай кору бар. Маек