Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жашоо ушундай. Зеленский украин армиясы артка чегиниши мүмкүндүгүн айтты

Зеленский: украин армиясы артка чегинүүгө аргасыз болушу мүмкүн
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү Израиль менен ХАМАСтын жаңжалына бурулуп, Украинада ок-дарылардын жетишсиз болуп калышы бизди чегинүүгө аргасыз кылат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиргенин Bloomberg басылмасы жазды.

“Киев 155 миллиметрдик снаряддарга аябай муктаж болууда. Аны ташып келүү кескин түрдө азайып, украин куралдуу күчтөрүн алсыратууда. Жакынкы Чыгыштагы жана башка себептер менен көңүлдүн борбору башка жакка бурулуп жатат. Колдоо болбосо биз чегинебиз. Бул жашоо, бул кадыресе көрүнүш, баары өз жанын сактоо үчүн күрөшөт”, — деген Зеленский.

Bloomberg басылмасы АКШ Израилге болгон аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтүп, бирок “Газа секторундагы жай тургундардын өмүрүн кыюуга жол бербөөгө чакырып жатат" деген тейде жазды.
АКШ конгресси Украина менен Израилге колдоо каралбаган бюджетти кабыл алды