БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин токтому менен Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө үч жылга чейин балык уулоого тыюу салынды.
Чектөөнүн себеби — президенттин "Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле балык корлорун сактоо жана көбөйтүү экени айтылат.
"Министрлер кабинетинин 15-ноябрдагы токтому менен Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балык кармоого уруксат берген документтерди үч жылдык мөөнөткө чейин берүүнү токтотуу чечими кабыл алынган. Мунун балык корлорун жасалма көбөйтүү боюнча пландуу иштерди жүргүзүү, илимий изилдөө иш-чаралары, суудагы биологиялык ресурстардын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү, ошондой эле балык кармоонун ышкыбоздук жана спорттук түрүнө тиешеси жок", — деп айтылат маалыматта.
Айыл чарба министрлигинин алдындагы Балык чарба департаментине тиешелүү тапшырма берилди. Ички иштер министрлигине браконьерликке каршы күрөшүүгө жардам берүү тапшырылган. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.